Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Душанбе Орусиянын тышкы иштер министри өлкөгө эки күндүк сапар менен келерин тастыктап, бирок башка кеңири маалымат берген жок.
Сергей Лавровдун Тажикстанга сапары Орусияда соңку эки аптадан бери полиция рейддерди жүргүзүп, Тажикстандын жарандарын кармап жаткан учурга туш келди. Күч органдары мигранттар жашаган жерлерге түнү же таң эрте келип, элди ойготуп, документтерин текшерип, суроо бере баштагандарды сабап, камап салышууда. Текшерүүлөр Москвада жана Москва облусунда гана эмес, Санкт-Петербургда, Амурдагы Комсомольск шаарында жана Орусиянын башка аймактарында да өттү.
Тажиктерге каршы кампания Лавровдун Тажикстанга сапары учурунда талкууланабы же жокпу айтыла элек.