Ссылки доступа

УКМК жапырт кармоолорду жүргүзгөнү кабарланды


Кыргызстанда “бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен бир топ киши кармалганын бүгүн, 5-июнда күч органдарындагы булактарга таянып бир катар ЖМКлар кабарлашты.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери азыркы саатка карата он чакты кишини кармаган.

Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Интернетте тараган тасмада аскер кийимчен, куралчан кызматкерлер көчөдө автомашинадан жана турак үйлөрдүн биринде адамдарды кармап, колуна кишен салып жатканын көрүүгө болот.

Ушу тапта “бийликти басып алууга аракет” деген негизде абакта он чакты саясатчы, активист отурат. Алар кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын билдирип жүрүп, былтыр октябрда кармалышкан. Өзүлөрү бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат. Ал эми президент Садыр Жапаров камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети да кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.

XS
SM
MD
LG