Ссылки доступа

Өзбекстандын Жогорку соту каракалпакстандык журналист Даулетмурат Тажимуратовдун өкүмүн өзгөрткөн жок


Өзбекстандын Жогорку соту былтыр Каракалпакстандагы жапырт нааразылык акцияларына байланыштуу 16 жылга кесилген журналист жана активист Даулетмурат Тажимуратовдун өкүмүн күчүндө калтырды.

Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына анын адвокаты Сергей Майоров билдирди.

“Эл кызматында” гезитинин журналисти жана адвокат Даулетмурат Тажимуратов “Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган”, “Жапырт башаламандык уюштурган”, “Бийликти басып алуу үчүн кутумга барган” деген айыптар менен соттолгон.

Бул арада Өзбекстандын Жогорку соту Нукустагы нааразылыктарга айыпталып соттолгон 18 кишинин алтоосунун өкүмүн өзгөртүп, аларга шарттуу жаза берди, дагы алтоонун өкүмү жумшартылды. Калгандарынын өкүмү өзгөртүүсүз калды.

Сот Каракалпакстандын биринчи жана жалгыз президентинин уулу, Каракалпакстан ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Полат Шамшетовдун мүлкүн камактан чыгаруу жана мураскорлорго өткөрүп берүү чечимин чыгарды. Ал өкүм чыккандан беш күндөн кийин эле каза болгон: Шамшетов Нукустагы нааразылык акцияларына катышканы үчүн алты жылга эркинен ажыратылган.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан республиканын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Биринчи инстанция Бухарада өтүп, январдын аягында 22 адамга өкүм чыккан. Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга эркинен ажыратылса, дагы 17 адам үч жылдан сегиз жарым жылга чейин кесилген.

17-мартта дагы 39 айыпталуучуга өкүм чыккан. Анда 28 адам беш жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылса, 11и сот залынан шарттуу түрдө бошотулган.

XS
SM
MD
LG