Маалыматта ок “кызматтык куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында” атылганы айтылат. Окуя кайсы жерде болгону кабарланган жок.
Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Кокустан адам өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча иликтөө иштери башталды.
Буга чейин соцтармактарда Алматы шаардык полиция департаментинин ашканасында полиция кызматкери каза болгону тууралуу маалымат тараган. Кызматкер "кокусунан кызматтык курал менен кесиптешинин башына атып алганы" айтылган.