"Азырынча мына ушундай абдан тынчсыздандырган жаңылыктар келип жатат. Ошондуктан биз жаңылыктарга кылдаттык менен байкоо салып жатабыз",-деди Песков.
Ошол эле учурда ал “Кремлде бул маселе боюнча толук маалымат жок” экенин белгиледи.
5-июнда Кыргызстанда “бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен бир топ киши кармалганы белгилүү болгон. Интернетте тараган тасмада аскер кийимчен, куралчан кызматкерлер көчөдө автоунаадан жана турак үйлөрдүн биринде адамдарды кармап, колуна кишен салып жатканын көрүүгө болот. Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.