Ссылки доступа

Өзбекстанда беш суткага камалган журналист менен эки блогер өз ишмердүүлүгүн токтотту


Өзбекстанда Nasaf News сайтынын башчысы Умид Каримов жана блогерлер Максуд Музаффаров менен Отабек Артиков профессионалдык ишмердүүлүктөрүн токтотконун билдиришти.

Өткөн жумада Кашкадарыя облусундагы Шахрисабз райондук соту аларды "Майда бейбаштык" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 суткага административдик камакка алуу чечимин чыгарган.

Умид Каримов Gazeta.uz басылмасына берген маегинде Nasafnews.uz сайты менен катар өзүнүн "Капитан Каримов" аттуу автордук блогун да токтотконун билдирди. Журналист бул чечимин сот процессиндеги адилетсиздик менен түшүндүрдү. "Жок жерден эле беш сутка камашты. Ошондуктан ишмердүүлүгүмдү токтотуп жатам", – деди ал.

AvtoblogUz телеграм-каналынын автору Максуд Музаффаров ишмердүүлүгүн токтотууга Өзбекстанда блогерлердин корголбогону себеп болгонун айтты. "Чындык жок экенин өз көзүм менен көрдүм. Ишмердүүлүгүмдү улантуу үчүн жетиштүү деңгээлде коопсуздугубуздун корголбогонуна ынандым. Бул окуя менин көзүмдү ачты", – деди Музаффаров.

Анын артынан Отабек Артиков да блогерлик ишмердүүлүгүн токтото турганын билдирди.

Марттын башында 40тан ашык журналист, блогер жана коомдук активисттер президент Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жолдоп, "ЖМКлардын чыныгы көз карандысыздыгын камсыз кылууга жардам берүүнү" өтүнүшкөн.

Кайрылууга кол койгондор Өзбекстанда "жашыруун, бирок катаал цензура" бар экенин белгилешкен.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча 2022-жыл үчүн жарыяланган рейтингинде Өзбекстан төрт тепкичке төмөндөп, 137-орунга жайгашкан. Анда өлкөдө дале болсо журналисттер менен блогерлерге карата куугунтук уланып жатканы белгиленген.

XS
SM
MD
LG