Ссылки доступа

Казакстандын мурдагы маданият министри рейдерликке шектелүүдө


Казакстандын мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы "Дипломат" мейманканасын рейдерлик жол менен тартып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул иш боюнча тергөө иштери аяктады.

Буга чейин социалдык түйүндөргө Мухамедиулынын иши боюнча өткөн сот отурумунда тартылган видеотасма жарыяланган. Анда мурдагы маданият министри тергөө маалында аны "Дипломат" мейманканасын башка адамдардын атына өткөрүүгө жана 111 миллион теңге өлчөмүндө кенемте төлөп берүүгө мажбурлашканын айткан.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мухамедиулыны бул билдирүүсүн четке кагууда.

"Экс-министрдин өзүнө карата кошумча эпизод боюнча тергөө иштери аяктады. Ал "Дипломат" мейманканасын рейдерлик жол менен тартып алган деп шектелүүдө. Ал жоопкерчиликтен качып, коомчулукту адаштыруу үчүн жалган маалымат берүүдө", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, учурда "жалган маалымат таратуу" фактысы боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштоо маселеси каралууда.

Казакстандын мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы былтыр май айында кармалган. Ал Улуттук музейдин директору болуп турганда бюджеттик каражатты кымырууга айыпталууда.

XS
SM
MD
LG