Маалыматка караганда, учурда Шарифзоданын ишмердүүлүгүн Башкы прокуратуранын атайын түзүлгөн комиссиясы иликтеп жатат.
"Яван районунда мыйзамсыз жер басып алуу, сатуу боюнча ондогон мыйзам бузуу учурлары аныкталган. Бирок райондун прокуратурасы алар боюнча эч кандай чара көргөн эмес", – деп билдирди булак.
Азырынча буга байланыштуу Шарифзоданын өзүнөн же жакындарынан комментарий алууга мүмкүн эмес болууда.
Махмуд Шарифзода Яван районунун прокурору кызматына 2020-жылы дайындалган. Адатта Тажикстандагы райондук прокурорлордун ыйгарым укуктары беш жылга созулат.
Тажик бийлигинин маалыматына караганда, акыркы жылдары өлкө жарандар айыл-чарба багытындагы жүздөгөн гектар жерге мыйзамсыз үйлөрдү куруп алышкан.