Ссылки доступа

Ташкент облусу: милиция бөлүмүндөгү кыйноодон улам бир шектүү каза болгону кабарланууда


Өзбекстандын Ташкент облусундагы Бука райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкерине каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка караганда, алар сурак маалында уурулукка шектелип кармалган 1987-жылкы тургунду кыйноого алган деп айыпталууда.

"Алар 3-июнда кармалган шектүүнү атайын сурак бөлмөсүнө эмес, кызматтык бөлмөгө алып барып, процессуалдык тартипти бузуу менен суракка алышкан. Жыйынтыгында шектүү өзүн начар сезип, тез жардам кызматы чакырылган. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган. Анын денесинде жаракаттар болгону аныкталды", – деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, укук коргоо органдарынын эки кызматкерине каршы "Кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, процессуалдык негизде камакка алынды. Мындан тышкары аталган ички иштер башкармалыгынын башчысы, анын орун басары жана бир нече бөлүмдүн жетекчилери иштен алынганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG