Ссылки доступа

Тажикстандын ТИМ башчысы менен Лавровдун жолугушуусунда тажик мигранттарынын маселеси көтөрүлдү


Сирожиддин Мухриддин (оңдо) менен Сергей Лавров. 6-июнь 2023-жыл
Сирожиддин Мухриддин (оңдо) менен Сергей Лавров. 6-июнь 2023-жыл

6-июнда Душанбе шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан Тажикстандын ТИМ башчысы Сирожиддин Мухриддин тажик мигранттарынын маселесин көтөрдү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө биз эки өлкөнүн миграция тармагындагы кызматташтыгын талкууладык. Тажик тарап миграциялык процесстерди тартипке салуу боюнча Орусиянын мамлекеттик органдары жүргүзгөн иш-чараларда тажик жарандарынын базалык укуктары менен эркиндиктери сакталышы керектигин белгиледи. Бул боюнча өлкөнүн укук коргоо органдары аркылуу биздин мигранттарга карата мындай мамилелердин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү жөнөтүлдү", – деди Мухриддин.

Сергей Лавров Тажикстанга 5-июнда расмий сапар менен барган. Анын алкагында Орусиянын Душанбедеги 201-аскердик базасына барды.

Акыркы үч жуманын ичинде Орусияда иштеп жүргөн тажикстандык мигранттарга карата басым күчөдү – өлкөнүн көптөгөн шаарларында аларга карата текшерүүлөр, кармоолор, рейддер, ур-токмокко алуу көрүнүштөрү көп катталууда.

Май айында Орусияда жүздөгөн тажикстандык мигрант кармалып, алардын бир канчасы мекенине депортацияланган.

Комсомольск-на-Амуре шаарында окуган тажик студенттери ОМОН кызматкерлери аларды катуу сабаганын айтып чыгышкан.

Орусиянын бийлиги Москва облусундагы Котельники шаарынын тургундарынын даттануусунан кийин башталган мигранттарга каршы рейддер аяктаганын билдирди.

Өз кезегинде тажик мигранттары күн сайын "Озоди" радиосунун редакциясына сүрөт жана видеолорду жөнөтүп, ресторандарда, коомдук транспортто жана жумуштарында текшерүүлөр көбөйгөнүнө даттанууда.

XS
SM
MD
LG