"Газета.уз" сайты кабарлагандай, мындай чечимди Чиракчин райондук соту 6-июнда чыгарды. Бул иш боюнча эки ай мурда башталган сот отурумдарынын баары жабык өттү.
Жогорку соттон белгилешкендей, "Эрезеге жете элек кызды зордуктоо" беренеси менен соттолгондорго карата мунапыс колдонулбайт. Алар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылбайт, жазасы жеңилдетилбейт.
Буга чейин өз үйүндө балдар үйүн уюштуруп, сегиз жетим баланы багып алган тургун анда тарбияланып жаткан кызды зордуктаганы кабарланган. 13 жаштагы кыздын боюна бүтүп калып, аны аборт жасатууга мажбурлашкан.