Ссылки доступа

Казакстанда Назарбаевдин инисине таандык Hilton мейманканасын мамлекетке өткөрүү иши аяктап калды


Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин камактагы иниси Кайрат Сатыбалды Алматыдагы кымбат баалуу мейманкананы сатып алганын четке какты.

Күн мурун мажилис дептутаты Максат Толыкбай экс-президенттин иниси камакта туруп Алматынын борборунда жайгашкан Double Tree by Hilton Almaty мейманканасын сатып алганын билдирген. Анын айтымында, бул мүлк үчүн Сатыбалды 6 миллиард теңге төлөгөн.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын билдирүүсүндө Сатыбалдыга карата "Салыктан качуу" жана "Кылмыштуу кирешелерди адалдоо" сыяктуу башка беренелер боюнча да тергөө иштери уланып жатканы жазылган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрдү кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Сатыбалды келтирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн мамлекетке бизнес-борборлорун, административдик имараттарды, коммерциялык жайларды, батирлерди, курулуп бүтө элек үйлөрдү, жер тилкелерин, каражаттарды, кымбат баалуу автоунааларды жана эксклюзивдүү асыл таштарды өткөрүп берүүдө. Алардын арасында Сатыбалдыга тиешеси бар компания 2021-жылы эле сатып алган Алматыдагы Double Tree by Hilton Almaty мейманканасы да бар", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Кайрат Сатыбалды былтыр март айында кармалган. Ага "Алдамчылык же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү" жана "Ишенип берилген мүлктү уурдоо же өзүнө ыйгарып алуу" беренелери боюнча айыптар тагылган.

2022-жылы сентябрда Алматы шаардык соту Сатыбалдыны "Казактелеком" жана "ЦТС" акционердик коомдорунан ири өлчөмдө акча кымырып алууга күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Анда экс-президенттин иниси "Салыктан жана бажы төлөмдөрүнөн качуу", ошондой эле "Кылмыштуу кирешелерди адалдоо" беренелери боюнча шектелип жатканы кабарланган.

Forbes Kazakhstan басылмасынын маалыматына ылайык, Сатыбалды Казакстандагы эң таасирдүү он ишкердин катарына кирет.

XS
SM
MD
LG