Ссылки доступа

Ташкентте терроризмди каржылоо айыбы менен сегиз киши кармалды


Ташкент шаарынын Мирабад райондук соту "Террордук актылар жөнүндөгү маалыматты жашыруу" жана "Терроризмди каржылоо" беренелери боюнча шектелген сегиз кишини камакка алуу чечимин чыгарды.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, алдын ала тергөөнүн алкагында алар 10 суткага камакка алынды.

Шектүүлөрдүн көбү тергөө органдары тагып жаткан айыптоолорду четке кагууда. "Оздолик" радиосунун өз булагы кабарлагандай, бир шектүү гана жарым- жартылай күнөөсүн мойнуна алып, ушул тапта тергөө менен кызматташууда.

Шектүүлөрдүн туугандарынын билдиришинче, тергөө аларды Телеграмда топ түзүп, терроризмди каржылоо үчүн каражат чогултууга айыптоодо.

XS
SM
MD
LG