Ссылки доступа

Тажикстанда камактагы журналист басымдардан улам күнөөнү мойнуна алганын билдирүүдө (видео)


Хуршед Фозилов (ортодо), апасы Азиза Нуъмонова (солдо) жана жубайы Фарзона Облокулова
Хуршед Фозилов (ортодо), апасы Азиза Нуъмонова (солдо) жана жубайы Фарзона Облокулова

Тажикстанда жети жылга соттолгон журналист Хуршед Фозиловдун жакындары ал күнөөнү укук коргоо органдарынын басымынан улам мойнуна алганын билдирип жатышат.

Быйыл март айында кармалган Хуршед Фозилов майдын аягында "Тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучунун акыркы сот отурумдарына катышкан агасы Хушбахт Фозилов инисине тагылган айып "Ахбор" сайты менен кызматташканына байланыштуу экенин айтты.

"Хуршед сурак маалында "Ахбор" сайты менен тыюу салына электе кызматташканын айткан. Ага чейин журналист катары анда иштеген журналисттер менен байланышып турчу. Сайттын ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан кийин кызматташуусун токтоткон", – деди Хушбахт Фозилов.

Тажикстандын Жогорку соту "Ахбор" (Akhbor.com) сайтына 2020-жылы тыюу салган. Анда сот аталган сайт "террористтик жана экстремисттик уюмдарга кызмат кыларын" билдирген. Сайттын негиздөөчүсү Мирзо Салимпур бул айыптарды четке каккан.

Пенжикент шаардык соту чыгарган өкүмдө Хуршед Фозилов "Ахбор" сайтынын түзүүчүлөрүнөн акча алганы жазылган. Бирок журналисттин жакындары тергөөчүлөрдүн бул боюнча жетиштүү далили жок экенин билдирип келишет.

Хуршед Фозилов рассказал, почему оболгал себя
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:08 0:00

Фозиловдун апасы Азиза Нуъмонова уулунун күнөөсүз экенин далилдөөгө аракет кылып, Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук кызматына жана президенттик администрацияга бир нече жолу кат жолдогон.

"Уулум күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн ага басым жасалганын, болбосо аны майып кылып коюшмактыгын айткан. Демек, ал кыйноого кабылган", – деди журналисттин апасы.

Фозиловдун адвокаттары биринчи баскычтагы соттун өкүмү боюнча облустук сотко даттанышкан.

Тажикстанда акыркы бир жылдын ичинде сегиз журналист жана блогер кармалып, узак мөөнөттөргө соттолду. Азырынча аларды эркиндикке чыгаруу боюнча укук коргоо уюмдарынын талаптары жыйынтык бере элек.

XS
SM
MD
LG