Ссылки доступа

Казакстандын түндүгүндө кенчилер үч күндөн бери митингге чыгууда


Казакстандын Акмоло облусунун Бестөбе айылында "Алтыналмас" алтын кен ишканасынын ондогон жумушчусу үч күндөн бери митингге чыгууда.

Алардын бир бөлүгү өткөн түнү жергиликтүү маданият үйүнүн имаратынын алдына түнөштү.

Эртең менен ал жерге бир нече полиция унаасы келген. Учурда маданият үйүнүн алдында 60тай демонстрант бар. Буга чейин "Алтыналмас" компаниясы алардын көбүн жумуштан бошотууга аргасыз болгонун билдирген.

Полиция митингчилерди таркап кетүүгө чакырды, кенчилер кетишкен жок.

Кенчилер менен тургундардын эки күндүк нааразылык акциясынан кийин "Алтыналмас" компаниясы "Азаттыктын" казак кызматына кырдаал боюнча маалымат берди. Компания "шахтадан жер астындагы сууларды сордуруу жана жумушчулардын бир бөлүгүн бул ишке тартуу боюнча тургундардын негизги талаптарын аткарууга даяр" экенин билдирди. Кендин калган кызматкерлерин башка долбоорлоруна тартуу сунушталган. Бирок тараптар мунасага келген эмес.

Компаниянын маалыматы боюнча 2021-жылдын июлунан 2023-жылдын январына чейин токтоп турган шахта жумушчуларына орточо эмгек акы төлөнүп келген, азыр тармактык коэффициенттин негизинде минималдуу эмгек акы төлөнүп жатат.

Бестөбе кенинин иши 2021-жылдын июль айында токтоп, дээрлик 1200 адам ишсиз калган, айрымдары учурда башка жумушка орношкон. Бүгүнкү күндө шахталарды суу каптап жатат. Компания шахтанын суусун төгө турган жери жок экенин айтууда. Жумушчулар алтынды ачык жол менен иштетүү үчүн компания муну атайылап жасап жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG