Ссылки доступа

Орусияда кармалган тажик мигранттары кармоо шарттарына даттанууда (видео)


Орусияда полициянын акыркы апталардагы атайын рейддери учурунда кармалган тажикстандык эмгек мигранттары кармоо шарттары начар экенине даттанууда.

Алардын айрымдары 9-июнда "Озоди" радиосуна видеокайрылуу жөнөтүп, 5-июнда Москва облусундагы Котельники шаарында кармалышканын билдирген.

"Бөлмөлөр өтө тар, шарттары аябай начар. Ысык суусу жок", – деген видеодогу мигранттардын бири.

Акыркы жумаларда Орусиядагы кармоолор учурунда жүздөгөн мигрант сабалып, айып пулдар салынган. Алардын көбү Тажикстанга депортацияланган.

Маалыматка караганда, Котельники шаарындагы мигранттарга каршы рейддер дээрлик токтосо, Санкт-Петербургда мындай чаралар бүгүнкү күндө да уланууда. Айрым мигранттар полиция алар иштеген жана жашаган жерлерди текшерип жатканын айтууда.

Орусиянын бийлиги мигранттардын жапырт кармалышын жергиликтүү тургундардын даттанууларынын негизиндеги жүргүзүлгөн кадимки текшерүү деп атаган.

Буга чейин Тажикстандын бир катар расмий органдары мигранттардын укуктарынын сакталышын камсыздап берүү өтүнүчү менен орусиялык кесиптештерине кайрылышкан.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда Тажикстандын 1 миллионго жакын жараны бар. Алардын көбү эмгек мигранты катары барган.

XS
SM
MD
LG