Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, өзбекстандыктар Карасай районунун 37 жаштагы тургунунун үйүндө кулчулукта жүргөн. Бул факты боюнча "Мыйзамсыз эркинен ажыратуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.
Полициянын ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө облустун аймагында Өзбекстандын 22 жараны тиешелүү документтери жок иштеп жүргөнү аныкталган. Билдирүүдө аларга карата кандай чаралар көрүлгөнү боюнча маалымат жазылган эмес.