“Озоди” радиосунун өз булактары француз бийлиги Тышкы иштер министрлигинин катын бир нече айдан бери карап жатканын билдирди.
Париждин реакциясы азырынча белгисиз.
“Озоди” радиосунун колуна тийген катка караганда, Тажикстан бийлиги Мухаммадикболи Садриддинди 2010-жылы жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыптоодо.
Катта прокуратура Мухаммадикболи Садриддин Тажикстандын үч жаранынын жалпы суммасы 430 миң АКШ доллар акча уурдап алган деп айыпталып жатканын белгилеген.
Мухаммадикболи Садриддин айыпты “негизсиз” деп атап, тескерисинче, өзүнө ири өлчөмдөгү карыз төлөнө электигин билдирген. Ал тажик бийлиги кылмыш ишин козгоо менен саясий ишмердүүлүгү үчүн өч алып жатат деп эсептейт.
44 жаштагы Мухаммадикболи Садриддин Франциядан башпаанек алган. Акыркы жылдары ал тажик өкмөтүнүн иши тууралуу курч сын макалаларды жарыялаган Isloh.net сайтынын башкы редактору кызматын аркалоодо.