Ташкент шаардык сотунун сайтындагы маалыматка караганда, соттук ишке мурастык укуктун негизинде келип чыккан талаштар себеп болду.
Петр Каримов – Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов менен Наталья Кучминин уулу. Ал 1969-жылы туулган. Ошол эле жылы Ислам Каримов менен Наталья Кучми ажырашып кетишкен. Наталья Кучми 2008-жылы Ташкентте каза болгон.
54 жаштагы Петр Каримов 1990-жылдардан бери негизинен Москвада жашайт.
Петр 1988-жылы Ташкент эл чарба институтун аяктагандан кийин бир нече убакыт банк тармагында жана "Өзбекстан аба жолдору" улуттук авиакомпаниясынын Москвадагы өкүлчүлүгүндө иштеген.
2018-жылы "Өзбекстан аба жолдору" улуттук авиакомпаниясында бир нече жыл иштеген Петр Каримов иш берүүчүгө каршы доо арыз менен кайрылган. Петр компания аны 2017-жылы атасы каза болгондон кийин иштен алууга айыптап, ага компенсация төлөнбөй калганын айтууда. Ошол жылдын аягында доогер менен жоопкердин ортосундагы жарашуу келишимине байланыштуу иш жабылган.