Ссылки доступа

АКШ: Иран Тажикстан менен Орусияга аскердик дрондорду өндүрүү технологиясын сунуштады


Иран Тажикстан менен Орусияга учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү үчүн технологияларды бериши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин, ошондой эле Соода, Юстиция жана Каржы министрликтеринин биргелешкен баяндамасында айтылат.

"Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Иран Тажикстан менен Орусиянын аймактарында учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүнү уюштуруу максатында бул өлкөлөргө технологиялар менен жабдууларды сунуштады. Тегерандын бул аракеттери эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө, өз өндүрүмүн экспорттоодон түшкөн кирешени көбөйтүүгө, ошондой эле экспорттук көзөмөл аркылуу дрон өндүрүшүнө бөгөт коюу ыктымалдыгын оорлотууга багытталган болушу мүмкүн", – деп жазылган баяндамада.

АКШнын бийлиги Орусия Украинадагы согушта Иранда өндүрүлгөн компоненттерден куралган иран дрондорун колдонуп жатканы далилденгенин билдирүүдө.

Азырынча Тажикстан менен Орусиянын бийлик өкүлдөрү бул баяндамага эч кандай реакция жасай элек.

Буга чейин Москва менен Тегеран Украинадагы согушта Ирандын дрондору колдонулуп жатканын бир нече жолу четке кагышкан.

2022-жылы май айында "Иран Тажикстанда дрон өндүрүү боюнча завод ачканы" кабарланган. Анда иран басылмалары Душанбедеги Ababil-2 деп аталган заводдун ачылышына Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн генерал-майору Мохаммад Хоссейн Бакери менен Тажикстандын Коргоо министрлигинин генерал-полковниги Шерали Мирзо катышканын жазган. Иран генералы заводдун ачылышын эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгындагы "бурулуш учур" деп атаган.

Тажикстандын өкмөтү менен Коргоо министрлигинин расмий адамдары анда бул боюнча эч кандай комментарий берген эмес.

Тажикстанда ирандык миллиардер Бабаки Занжанинин каражаты жоголгонуна байланыштуу начарлап кеткен Душанбе менен Тегерандын мамиле акыркы бир нече жылдан бери кайра жандана баштады. Айрым талдоочулар Орусия Украинадагы согуштун фонунда өзүнүн союздаштары менен өнөктөштөрүн бириктирүүгө аракет кылып жатканын айтып келишет. Алардын айтымында, Душанбе менен Тегерандын ортосундагы "элдешүү" Москванын кийлигишүүсү жана басымы менен мүмкүн болду.

XS
SM
MD
LG