Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө мунайчылардын нааразылык акциясы токтоду


Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында туруктуу жумуш талап кылып жаткан "БерАли Маңгыстау” компаниясынын мурдагы жумушчулары нааразылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, буга акция катышуучулары менен "Өзөнмунайгаз" компаниясы макулдашууга келгени себеп болду. Ага ылайык, мунайчылар эми "Молдир Мунай Сервис" ишканасында иштеп, алардын мурдагы компаниядагы эмгек шарттары сакталып калат.

Акция катышуучуларынын айтымында, бийлик алардын талаптарынын 90% аткарууну убадалады.

"20-июндан тарта ишке чыгалы деп жатабыз. Алдап кетишпесе, анда талаптарыбыздын 90% аткарылат", – деди мунайчылардын бири.

Апрелдин башында "Өзөнмунайгазга" кызмат көрсөткөн "БерАли Маңгыстау" ишканасы тендерден утулуп, 100дөн ашык киши жумушсуз калган. 10-апрелде алар Астанага барып, эртеси Энергетика министрлигинин алдында кармалган. Кийин алар кайра бошотулуп, Жаңы-Өзөнгө жөнөтүлгөн.

Астанадан Жаңы-Өзөнгө кайтып барган мунайчылар кайрадан "Өзөнмунайгаздын" алдына чогулуп, туруктуу жумуш талап кылууну улантышкан.

XS
SM
MD
LG