Ссылки доступа

Казакстан Мажилиси мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу мыйзам долбоорун жактырды


14-июнда Казакстан парламентинин Мажилиси "Мыйзамсыз алынган мүлктөрдү кайтаруу жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырып, Сенаттын кароосуна жөнөттү.

Документте мыйзам долбоорунун негизги максаты – "мыйзамсыз алынган активдерди аныктоо жана аларды мамлекетке кайтаруу аркылуу элдин бузулган укуктарын калыбына келтирүү, социалдык адилеттикти орнотуу, мыйзам үстөмдүгүн, ошондой эле туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүнү камсыз кылуу" экени белгиленген.

Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов жоопкерчиликтен бошотуу – мыйзамсыз алынган активдерди кайтаруу процессин кыйла тездетет деп эсептейт. "Болбосо алар адвокаттарды жалдап, өздөрүн сотто коргошот", – деди спикер.

Ал мындай адамдардын реестрин түзүү боюнча атайын комиссиянын курамына аткаминерлер менен мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен тышкары жарандык коомдун өкүлдөрү да кирерин белгилеп, реестр ачык болорун айтты.

24-майда Казакстан парламентинин Мажилиси өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтарууга байланышкан бир нече мыйзам долбоорун карай баштаган. Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин Башкы прокуратуранын түзүмүндө "мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу боюнча иштерди аткаруу үчүн" жаңы мекеме түзүү пландалууда. Мындан тышкары активдерди топтоо жана башкаруу үчүн атайын мамлекеттик фонд менен башкаруучу компания түзүү сунушу айтылган.

Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы өлкөгө 760 миллиард теңге актив кайтарылганын билдирген. Бирок алардын кимдин активдери экени жана кайсы өлкөлөрдөн канчасы кайтарылганы боюнча ачык маалыматтар жок. Апрелде Transparency Kazakhstan уюмунун эксперттери активдерди кайтаруу ишинде ачыктык жок экенин белгилеп, бул коррупциянын деңгээли боюнча рейтингдердеги Казакстандын позициясынын начарлашына алып келиши мүмкүн экенин эскертишкен.

Кандуу Январь окуяларынан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "өлкө байлыгынын көпчүлүк бөлүгүнө ээлик кылып алган" адамдардын тобу жөнүндө бир нече жолу айткан. Айрым эксперттер азыркы бийликтин чет өлкөлөрдөгү активдерди кайтаруу аракетин капиталды кайрадан бөлүштүрүү өнөктүгүнүн бир бөлүгү экенин айтып келишет.

Өткөн жылы декабрда "Казакстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча" атайын комиссия өлкөгө 630 миллиард теңгеден ашык каражат кайтарылганын билдирген.

Tax justice network уюмунун маалыматына караганда, акыркы 25 жылдын ичинде Казакстандан чет өлкөлөргө 140-160 миллиард доллар чыгарылып кеткен. Айрым талдоочулар бул каражат мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG