Апелляциялык инстанцияда жабырлануучулардын жактоочулары жана жакындары алардын күнөөсү далилденбегенин, тергөө учурунда көрсөтүлгөн сүрөттөр менен видеолордо башка адамдар болгонун айтышты.
Соттук коллегия биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн, ошондой эле сотко чейинки тергөөнүн экспертизасын мыйзам талаптарына жооп берет деп атады. Буга байланыштуу коллегия өкүмдү өзгөртүүгө "эч кандай негиз жок" деген чечимге келди.
Жабырлануучулардын жакындары өкүмгө макул эместигин айтып, кассациялык арыз менен кайрыла тургандыктарын билдиришти.
"Жолдошум Алматыдагы президенттик резиденциянын жанында жарадар болгондорго жардам бергиси келген. Видео бар. Бул үчүн күйөөмдү атып кетишкен. Тергөө болсо ал резиденцияга кол салганын айтууда. Бул адилетсиздик. Мен макул эмесмин. Мен Жогорку сотко кайрылам", - деди Канат Аубакировдун жесири Лайла Алдибекова.
2-майда Алматынын Бостандык районунун №2 соту январь окуясында каза болгон беш кишиге өкүм чыгарган. Серик Керимов, Канат Аубакиров, Нурболат Касымжанов, Аслан Уалиев, Чынгыс Тастанбеков Алматы шаарынын акимчилигине кол салуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Жакындары өкүмгө макул болбой, алардын акталышын талап кылууда.
Казакстанда 2022-жылдын башында 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуясы боюнча сот жараяндары уланууда. Айрым айыпталуучулар өлгөндөн кийин күнөөлүү деп табылган.