HRW 20 жаштагы студент Жахонгир Улугмуродовго козголгон кылмыш иши анын диний укуктары менен дин тутуу эркиндигин бузат деп эсептейт.
"Өзбекстанда акыркы кездери өкмөт "экстремисттик" деп эсептеген контентти таркатуу үчүн жоопкерчиликке тартылгандар көбөйүп жатат", – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.
Улугмуродовдун иши боюнча апелляциялык сот Ташкентте 14-июнда өтүшү керек болчу. Азырынча бул сот процесси жана соттун чечими боюнча эч кандай маалымат жок.
Май айында Жахонгир Улугмуродов Telegram аркылуу классташтарына YouTube сервисиндеги видеону бөлүшкөнү үчүн үч жылга соттолгон. Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети нашиданы "фанаттык идеяларга толгон" ыр деп эсептеген.
Маалыматка караганда, HRW ал макаланын текстин иликтеп чыгып, анда "зомбулуктун белгилери жок" деген жыйынтыкка келген.
10-майда Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Ташкент облустук башкармалыгы Угугмуродов интернетте "жихадга жана хижратка чакырган материалдарды" таратканын билдирип, бирок бул боюнча эч кандай далилдерди келтирген эмес.
HRW белгилегендей, ушундай эле айып менен Ташкент, Наманган жана Анжиян шаарларында да бир нече жигит соттолду. Быйыл 30-январда 21 жаштагы Сардор Рахмонкулов диний ырды таратканы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ал нашиданы классташына үч жыл мурда жөнөткөнү аныкталган. Кийинчерээк сот анын камактагы мөөнөтүн шарттуу мөөнөткө өзгөрткөн.
Быйыл 22-майда Жизак шаарында ушундай эле айып менен 19 жаштагы тургун үч жылга соттолгон.