Маалыматты 15-июнда "Озоди" радиосунун облустук администрациядагы жана Ага Хан фондундагы эки булагы тастыктады. Учурда Ага Хан фонду курган Медициналык борборду улутташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылууда.
Тоолуу Бадахшандын бийлиги менен Ага Хан фонду мейманкананы улутташтыруу жөнүндөгү маалымат боюнча комментарий бере элек.
Khorog Serena Inn мейманканасы Хорогдун Тем кичи районунда жайгашкан жана памир үйүнүн стилинде жасалгаланган. Мейманкана AKFEDге таандык швейцариялык Serena Tourism Promotion Services SA (STPS SA) компаниясынын бир бөлүгү болгон. STPS SA компаниясы Кения, Танзания, Занзибар, Руанда, Конго, Уганда, Мозамбик, Пакистан жана Ооганстандагы мейманканалар тармагын тейлейт. "Серена" брендиндеги мейманкана Душанбеде да бар.
"Озоди" радиосунун булактары билдиргендей, Бадахшандын прокуратурасы Ага Хан Фондунун Хорогдогу медициналык борборун улутташтыруу боюнча да сотко кайрылган.
Ага Хан медициналык борбору (Aga Khan Medical Centre) Ага Хан саламаттык сактоо кызматынын бир бөлүгү болуп саналат жана 2018-жылы салынып бүткөн. Анын курулушуна Ага Хан фонду 25 миллион доллар бөлгөн.