Ссылки доступа

Чымкентте Январь окуясында каза болгондордун жакындары кенемте талап кылууда


Январь окуясы маалында Чымкент шаарында каза болгондордун жакындары жергиликтүү прокуратурага кайрылып, 5 миллион теңге өлчөмүндө кенемте өндүрүп берүүнү талап кылышты.

Чогулгандарды шаардын прокурору кабыл алып, жооп берүү үчүн алардан эки апта убакыт сурады. Маркумдардын жакындары анын бул өтүнүчүнө макул болуп, таркап кетишти.

15-июнда Чымкент шаарынын акими Мурат Айтенов Январь окуясында каза болгондордун жакындарына мыйзамга ылайык тиешелүү жардамдар берилип жатканын айткан.

"Алар менен ай сайын жолугуп жатабыз. Турак жай жана башка жардамдын түрлөрү бардыгына бирдей шартта, мыйзамга ылайык берилет. Бул үчүн алар кезекке турушу керек", – деген аким.

Майдын башында Январь окуясы учурунда Чымкентте өлгөн тургундардын жакындары жергиликтүү акимчиликтин алдына чогулуп, элге ок аткандарды аныктап, жазалоону талап кылышкан. Алар бийликти каза болгондорго өзгөчө макам берип, жакындарына кенемте төлөөгө чакырышкан. Анда акимдин орун басары мерт болгон тургундардын үй-бүлөлөрүнө май айынын аягына чейин 5 миллион теңгеден кенемте төлөнүп берилерин убадалап, тиешелүү документтер даярдалып жатканын айткан.

Расмий маалыматтарга ылайык, Январь окуясы учурунда Чымкент шаарында 20 киши каза болгон. Алгач укук коргоо органдары аларга "Жапырт башаламандык" беренеси боюнча айып тагууга аракет кылышкан, бирок далилдердин жоктугуна байланыштуу кийин кылмыш иши токтотулуп, каза болгондор жабырлануучу деп табылган.

XS
SM
MD
LG