Ссылки доступа

Казакстанда сот Карим Масимовдун камактагы режимин жумшартты


Астананын кылмыш иштери боюнча апелляциялык соту өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы башчысы Карим Масимовдун жана анын эки орун басарынын ишин кайра карап, биринчи баскычтагы соттун өкүмүн жумшартты.

"Апелляциялык сот Карим Масимовго жана анын орун басарлары Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожинге карата чыккан буга чейинки өкүмдү өзгөрттү. Ага ылайык, алар жаза мөөнөтүн өзгөчө каттал эмес, орто катаал режимдеги абакта өткөрүшөт. Өкүмдүн башка бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды", – деп жазылган Астана шаардык сотунун билдирүүсүндө.

Карим Масимов быйыл 24-апрелде 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал Январь окуяларына байланыштуу "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти күч менен кулатууга аракет кылуу" жана "Кызматтык ыйгарым укуктарын ашкере пайдалануу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Мындан тышкары Масимовдун орун басарлары Ануар Садыкулов — 16 жылга, Даулет Ергожин — 15 жылга жана Марат Осипов — үч жылга соттолгон.

Сот булардын баарынын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салып, генералдык жана мамлекеттик наамдарынан ажыраткан. Ошондой эле экс-аткаминерлер мамлекетке 10 миллиард теңге жана 24 миллион доллар төлөөгө милдеттендирилген.

Жараян Астананын райондор аралык сотунда жабык өткөн. Сот иши былтыр ноябрда карала баштаган. Ишке "жашыруун" деген мөөр коюлган.

Масимов 2022-жылы Казакстандагы кандуу январь окуясында кызматтан алынып, 6-январда камалган. Бул иш боюнча анын орун басарлары да камалган.

57 жаштагы Карим Масимов Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары белгилүү. Ал атайын кызматты 2016-жылдан тарта жетектеген. Ага чейин 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары казак өкмөтүн башкарган.

XS
SM
MD
LG