Ссылки доступа

Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө эскирген нан сатылууда


Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө жеңилдетилген баада сатылып жаткан нандын сапаты төмөн болуп, тургундар ичинен таракандарды табууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

"Тургундар мамлекеттик дүкөндөрдөн сатып алган нандын ичинен таракандарды таап жатышат. Үйгө алып келгенге чейин аны тазалоого туура келүүдө. Антпесе таракандар үйдө да көбөйүп жатат", – деди шаардын аты-жөнүн айткысы келбеген тургуну.

Анын айтымында, айрым учурларда дүкөндөрдөгү нан койгон текчелерде чычкандар жүргөнүн да көрүүгө болот.

"Соода министрлигине караштуу дүкөндөрдө бир кишиге үчтөн гана нан сатылууда. Буга кошумча жашоочуларды мөөнөтү өтүп кеткен кофе жана Түркмөнстанда чыккан "Юнус" сагызын сатып алууга мажбурлап жатышат. Мындан баш тарткандарга нан берилбей жатат", – деп кошумчалады ал.

Маалыматка караганда, мындай көрүнүштөр Ашхабаддын бир нече районунда байкалууда.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы белгилегендей, нандын мындай сапатына карабастан, шаарда жеңилдетилген баада сатылып жаткан нанга болгон суроо-талап жогору бойдон калууда.

Тургундардын айтымында, алар нандын сапатына даттанып тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылышкан. Бирок эч кандай жооп болгон эмес.

Быйыл апрелдин башында Байрамали шаарындагы базарда бузулуп кеткен жумурткалар сатылып, бир нече адам ууланганы кабарланган.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдөгү мындай маселелер боюнча эч качан комментарий бербейт, мамлекеттик ЖМКлар чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG