Ссылки доступа

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгондорду жазалоону сунуштады


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган.

Ниязалиева сотко кайрылган. 9-июнда Бишкектин административдик соту БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапса, 16-июнда Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган. Андан соң БШК кезексиз шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча токтом кабыл алган.

Эми Борбордук шайлоо комиссиясы бир айдын ичинде кайра шайлоону дайындап, ал эки айдын ичинде өтүшү керек. Мурда мыйзам бузган талапкерлер жарышка катыша албайт. Ошол эле учурда БШКнын жыйынында шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга себепчи болгон иш-аракеттер үчүн материалдык жоопкерчилик киргизүү сунушталды.

БШК укук коргоо органдары каттоосу жокко чыгарылган эки талапкердин ишин иликтөөнү улантып жатканын кошумчалады. Ниязалиевага карата ишти Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгы, Сариевге карата ишти УКМК тергеп жатат.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев "шайлоочулардын добушун сатып алган" деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG