Ссылки доступа

Камактагы казак активисти Нуржан Алтаев пара алуу боюнча айыптоолорду четке какты


Казакстанда эки айга камакка алынган активист Нуржан Алтаев пара алуу боюнча тагылган айыптарды четке какты. Анын мындай мазмундагы кайрылуусун ал жетектеген El Tiregi оппозициялык кыймылы Facebook баракчасына жарыялады.

Алтаев кайрылууда "Атамекен" улуттук ишкерлер палатасынын мурдагы төрагасы Аблай Мырзахметовду "калкалаганы үчүн" андан туруктуу түрдө пара алып турганы боюнча айыптоого "таң калып жатканын" жазган.

"Өмүрүмдө мындан ашкан сандырак кепти уккан эмесмин. Акыркы кездерге чейин Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин "оң колу" болуп турган Мырзахметовдун мага – таасири эң аз эмгек министринин орун басарына пара бергенин кантип элестетсе болот? Мени Кулибаев менен Назарбаевдин өзүн калкалап турган деп айыптабаганына шүгүр. Кичине чындыкка жакын нерселерди айтуу керек", – деп жазды ал кайрылууда.

Алтаев "Атамекен" улуттук ишкерлер палатасындагы өлкөнүн эң ири байлары министрдин орун басарынын калкалоосуна муктаж болуп, 5 миң доллардан төлөп турганын элестетүү кыйын экенин белгиледи.

"Болгондо да бул 2018-2019-жылдары болгон имиш. Демек, укук коргоо органдары беш жыл бою буга көз жумуп, мен саясатка аралашып, оппозициялык ишмердүүлүгүмдү баштаганда ойгонгон экен да. Мени камакка алып, оор берене боюнча дал азыр кылмыш ишинин козголушу таң калычтуу дал келүү болууда", – деп жазды ал.

Алтаев кайрылууда өзүнө жана башка активисттерге каршы кылмыш иштери саясий негизде козголгонун белгилеп, мунун максаты ыңгайсыз саясий жана оппозициялык ишмерлерди четтетүү экенин кошумчалады.

Июндун башында Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мурдагы депутат, азыркы активист Нуржан Алтаевди пара алуу шеги менен кармаган. Мекеме анда Алтаев эмгек министринин орун басары болуп турганда "Атамекен" улуттук ишкерлер палатасынын төрагасынан ири өлчөмдө пара алып келген деп шектелип жатканын билдирген.

Активисттин бөгөт чарасын караган Астана соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алтаев бийликтеги "Нур Отан" (азыркы "Аманат") партиясынын курамынан 2020-жылы чыгарылып, көп өтпөй мажилистеги мандатынан ажыратылган. Анда ал "Нур Отан" "партиясынын беделин түшүргөн жана анын кызыкчылыктарына зыян алып келген аракеттерге" айыпталган.

Бийликтеги партиядан чыгарылгандан кийин Алтаев El Tiregi аттуу жаңы партия түзөрүн билдирген. Бирок аны Юстиция министрлигинде каттата алган эмес.

XS
SM
MD
LG