Ссылки доступа

Өзбекстанда балдар үйүндөгү кыздарды зордуктоого айыпталган мурдагы аткаминерлердин ишин тергөө аяктады


15-июнда Ташкент шаардык соту Хорезм облусундагы Янгиарык районунун Юстиция башкармалыгынын жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мурдагы эки кызматкеринин иши боюнча соттук териштирүүнү аяктады.

Мурдараак алар балдар үйүнүн жашы жете элек тарбиялануучусу менен жыныстык катнашка барган деп айыпталып, 1,5 жылга эркиндиги чектелген.

Сот жараянында жабырлануучулар сексуалдык асылуунун, алдамчылыктын жана зордуктоонун курмандыгы болгонун айтышкан.

Юстиция башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Машариповго жана Янгиарык райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Курязовго "Эрезеге жете элек балдар менен жыныстык катнашка баруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Үргөнч шаарындагы №1 үй-бүлөлүк балдар үйүнүн башчысы Ю.Худайбергеновага да айып тагылган.

Бул кылмыш жөнүндө дээрлик жети айдан кийин - Nemolchi.uz долбоорунун зомбулукка каршы материалынан соң белгилүү болгон.

Долбоордун авторлору кабарлагандай, балдар үйүнүн директору 10 ай бою өспүрүм кыздарды аткаминерлер менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Мекеменин жетекчиси 5,5 жылга түрмөгө кесилсе, мамлекеттик кызматкерлердин эркиндиги 1,5 жылга гана чектелген.

Коомчулуктун нааразылыгынан кийин Өзбекстандын башкы прокуратурасы аткаминерлерге чыккан өкүм жумшак болуп калганын мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG