Ссылки доступа

Тажикстанда ИИМ чиновниги кишини барымтага алууга шектелүүдө


Исмоил Рахмонов (солдо) жана Акмал Юсуфзода, коллаж
Исмоил Рахмонов (солдо) жана Акмал Юсуфзода, коллаж

Тажикстандын Башкы прокуратурасы өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын жардамчысы Акмал Юсуфзоданы кармады. Милициянын полковниги адам уурдоого шектелүүдө.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы менен Ички иштер министрлиги полковник Юсуфзоданын кармалышы боюнча комментарий бере элек. "Озоди" радиосунун булактары Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкери Тажик мамлекеттик соода университетинин окутуучусу Исмоил Рахмоновду барымтага алган деп шектелип жатканын билдирди.

"12-июнь күнү түн бир оокумда ал Исмоил Рахмоновду күч менен унаага салып, белгисиз тарапка айдап кеткен. Университеттин окутуучусу тирүүбү же жокпу, кайда экени белгисиз", - деп билдирди булактардын бири.

Тергөө органдары Исмоил Рахмонов өлтүрүлгөн болушу ыктымал деген версияны четке какпайт.

Исмоил Рахмоновдун жакындары аны бир жумадан бери ар кайсы жерден издеп жүрүшөт. Алар журналисттер менен байланышуудан баш тартышты.

Бул үй-бүлөлөргө жакын булактардын айтымында, Акмал Юсуфзода менен Исмоил Рахмоновдун жубайлары Тажик мамлекеттик соода университетинде чогуу иштешет. Күбөлөрдүн айтымында, аялдардын ортосунда жаңжал чыгып, андан улам полковник Юсуфзода Исмоил Рахмоновду “сүйлөшүүгө” чакырган.

Университтте иштеген мугалимдердин бири Исмоил Рахмонов кандидаттык диссертациясын коргоого даярданып жатканын айтты. "Дисертациясын алдын ала коргогондон кийин аны эч ким көргөн эмес", - деп кошумчалады ал.

Исмоил Рахмонов Хатлон облусунун Жайхун районунда туулган. 38 жаштагы окумуштуу жогоруда аты аталган университеттин менежмент кафедрасында иштеген. Анын төрт баласы бар.

XS
SM
MD
LG