Ссылки доступа

Тажикстанда жоокерлерди мазактаган чач жасалга боюнча кылмыш иши козголду


Тажикстандын Башкы прокуратурасы армияга жаңы чакырылган жоокерлерди мазактаган чач жасалгалар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

15-июнда социалдык түйүндөргө "Жоокерлердин башына түшүрүлгөн Конибодом районунун аталышы" деген тема менен аскерлердин сүрөтү жарыяланган. Анда тогуз жоокердин башына чач алуучу машинка менен "К", "О", "Н", "И", "Б", "О", "Д", "О", "М" тамгалары жазылганын көрүүгө болот.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, сүрөт 2022-жылы январда УКМКнын Чек ара башкармалыгынын Исфарадагы аскердик бөлүгүндө тартылган. Жоокерлердин чачын алган кенже сержант Мухриддин Исмоилов уставдык эрежелерди бузуп, алардын төбөсүнө Согд облусундагы Конибодом районунун аталышындагы тамгаларды түшүргөн.

Мекеме сүрөттү социалдык түйүндөргө кенже сержант А. Давлатов жарыялаганын билдирди.

16-июнда М. Исмоилов менен А. Давлатовго каршы "Кызмат абалын кыянат пайдалануу, ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алар күнөөлүү деп табылса ири өлчөмдө айып пул төлөп же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Быйыл апрелде интернетке жаш жоокерлердин катуу сабалып жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда тажик тилинде сүйлөгөн аскер кийимчен адамдар казармада тизилген жоокерлерди башка-көзгө койгулап, таяк менен сабап жатканын көрүүгө болот.

Бул видео тажикстандык соцтүйүн колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратып, көпчүлүгү тажик бийлигин күнөөлүүлөрдү тезинен аныктап, жоопко тартууга чакырышкан.

Видеого байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө тасма 2022-жылдын аягында УКМКнын Канибадам шаарындагы аскердик бөлүгүндө тартылганы аныкталган. Бир айдан кийин Тажикстандын Жогорку сотунун Аскердик коллегиясы аталган аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн бир офицерди жана жети жоокерди 11 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG