Ссылки доступа

Эстония постсоветтик өлкөлөрдөн биринчи болуп бир жыныстуу никени мыйзамдаштырды


Рийгикогу –  Эстониянын парламенти бир жыныстуу жубайлардын баш кошуусуна уруксат берген өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү ERR.ee басылмасы билдирди.

Мыйзам долбооруна 55 депутат "макул", 34 депутат "каршы" добуш берди, бирөө калыс болду. Никеден тышкары гомосексуал өнөктөштөргө экинчи биологиялык ата-эненин макулдугу менен балдарды асырап алууга уруксат берилди.

Бир жыныстуу нике тууралуу мыйзам 2024-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Эстония бир жыныстуулардын никесин мыйзамдаштырган биринчи постсоветтик өлкө болду. 2023-жылга карата гомосексуалдык мамилелер дагы 34 өлкөдө, анын ичинде АКШ, Словения жана Кубада мыйзамдуу болушу мүмкүн. Чет өлкөдө түзүлгөн бир жыныстуу никелерди Израиль да тааныйт.

2022-жылдын декабрынан тарта Орусияда гомосексуализм, бисексуализм жана трансгендердик тууралуу позитивдүү маалыматтарды таратууга тыюу салынган. Бул үчүн жарандарга 400 миң рублга чейин, уюмдарга беш миллион рублга чейин айып пул каралган.

XS
SM
MD
LG