Мурда Тажикстанда тыюу салынган "Салафия" диний агымынын лидерлеринин бири деп эсептелген Мухаммади Рахматулло ушул жылдын март айында Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. 2016-жылы да ал 8 жылга кесилген, бирок мунапыс менен мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Мухаммади Рахматуллонун бир тууганы Юсуф Мухаррамов “Озоди” радиосуна диниятчы 307-беренинин негизинде соттолгондугун билдирген. Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинде 307-берене экстремисттик аракеттерге ачык чакырыктарды, экстремисттик коомчулукту уюштурууну камтыйт.
21-июнда Forum 18 кабарлагандай, Мухаммади Рахматулло 12 адамдан турган диний топту мыйзамсыз окуткан деген айып менен соттолгон.
Уюмдун айтымында, бул топтун мүчөлөрү 6 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылган.
Мухаммади Рахматуллонун жакындары Forum 18ге "ал намазды кантип окуш керек экенин гана түшүндүргөн" деп айтышты. Тажикстанда диний билимди мамлекеттик билим берүү мекемелеринде гана алса болот.