Ссылки доступа

Өзбекстандын ИИМи аквапаркта бийлеген кыздар медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөнүн четке какты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) аквапарктагы бийчилерден ВИЧке анализ алынганы тууралуу Самарканд облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүн четке какты.

ИИМдин маалыматына караганда, облустук башкармалыктын басма сөз катчысы Самарканд районундагы аквапарктын ачылышында бийлеген кыздар тери-венерологиялык ооруларга текшерилип, ВИЧке анализ тапшырууга милдеттендирилгени тууралуу билдирүүнү "шашылыш" жана "абалды толук түшүнбөй туруп" жарыялаган.

"Коомчулуктун кескин нааразылыгын жараткан облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин бул аракети боюнча кызматтык текшерүү башталды", – деди ИИМдин басма сөз катчысы Шохрух Гиясов.

Ал уюштуруучулар массалык иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин бузганын белгиледи.

"2 миңден ашык киши катышкан бул иш-чара коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн эле. Ошондуктан облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштуруучулар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мындан ары коопсуздук чараларын көрүү зарылдыгы боюнча эскертүү берилген. Иш-чаранын катышуучулары, анын ичинде бийлеген кыздар да медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн эмес жана аларга карата укуктук чаралар көрүлгөн эмес", – деп кошумчалады ал.

Буга чейин социалдык түйүндөргө аквапаркта бийлеп жаткан кыздардын видеосу жарыяланган. Самарканд облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "адепсиз бийдин аткаруучулары тери-венерологиялык ооруларга текшерилип, ВИЧке анализ тапшырганын" билдирген. Мекеменин билдирүүсүндө иш-чаранын уюштуруучуларына карата тиешелүү документтер толтурулуп, кылмыш иштери боюнча райондук сотко өткөрүлүп берилгени жазылган.

XS
SM
MD
LG