Ссылки доступа

Астана соту сүрөтчү Даурен Макинге чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды


Астана шаардык соту "терроризмди пропагандалоо" айыбы менен жети жылга соттолгон сүрөтчү Даурен Макинге карата чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Кылмыш иштери боюнча шаардык сот 2021-жылы Макиндин сөздөрүн диктофонго жаздырып алган эки киши бул кадамга басым алдында барганы боюнча адвокаттардын жүйөлөрүн эске алган жок.

Апелляциялык коллегия ошондой эле буга чейинки экспертизалардын "бири-бирине каршы келери" боюнча жүйөлөрдү да колдогон жок.

"Филологиялык, саясий, теологиялык жана диний экспертизалар бар. Булар бир гана айтылган сөз боюнча жүргүзүлгөн эмес. Экспертизалар 2018-жылдан 2022-жылга чейин айтылган сөздөр боюнча жүргөн. Мунун баарын биринчи баскычтагы сот текшерген", – деди судья.

Адвокат апелляциялык арызда райондук соттун өкүмүн жокко чыгарууну жана Даурен Макинди толук актоону өтүнгөн.

Өз кезегинде прокурор биринчи баскычтагы сотто Макиндин күнөөсү толук далилденгенин айтып, өкүмдү өзгөртүүсүз калтырууну сураган.

Адвокат райондук сотто Макиндин ишинде далилдер жок экенин, айыптоолор бир гана "диктофондук жазуунун" негизинде түзүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, 2021-жылы Макиндин кеңсесине сүрөт тартканды үйрөнөбүз деген эки киши жөнөтүлгөн. Алар сүрөтчүгө "керектүү" терминдерди колдонуу менен суроолорду берип, ортодогу маекти диктофонго жаздырып алышкан. Жүргүзүлгөн экспертиза сүрөтчүнүн сөздөрүндө "терроризмди пропагандалоо" бар экенин билдирген. "Сүйлөшүүдө өкмөттү алмаштырып, анын ордуна шариаттын негизинде жаңы өкмөт түзүү зарылдыгы тууралуу ой айтылган", – деп жазылган экспертизанын корутундусунда.

Адвокат Макинге каршы кылмыш ишин козгоого анын Январь окуяларын чагылдырган эскиздери да түрткү болгон деп эсептейт.

47 жаштагы Даурен Макиндин чыгармаларында улуттук жана тарыхый темалар басымдуулук кылат. Анын сүрөттөрү Алматы жана Астана шаарларындагы борбордук музейлерге коюлган. Эмгектеринин арасында Орусиянын Украинага кол салуусуна арналган сүрөттөр да бар.

Казакстандык укук коргоочулар Макинге каршы кылмыш иши саясий негизде козголгон деп эсептешет. Алардын айтымында, буга сүрөтчүнүн социалдык түйүндөрдө саясий жана башка темалардагы билдирүүлөрү да себеп болгон.

XS
SM
MD
LG