Өткөн аптада “Озоди” радиосу өз булактарына таянуу менен 12-июнь күнү кечке жуук Тажикстан мамлекеттик соода университетинин окутуучусу Исмоил Рахмоновду кимдир бирөөлөр күч менен унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкенин кабарлаган.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Акмал Юсуфзода бул окуядан үч күн өткөн соң кармалган.
Шектүү менен бирге анын тууганы, Тажик мамлекеттик соода университетинин окутуучусу Исмоилжон Шукуров дагы кармалган. Эки шектүүнүн иши “Адам уурдоо” бернеси боюнча тергелүүдө.
Исмоил Рахмоновдун жакындары "Озоди" радиосуна аны Заравшан дарыясынан издеп жатышканын айтышкан.
Расмий маалыматка караганда, окуя кызганычтын айынан болгон.
Акмал Юсуфзоданын жубайы Исмоил Рахмонов менен Тажикстан мамлекеттик соода университетинде чогуу иштейт. Университет Рахмонов менеджменттен, ал эми милициянын подполковнигинин жубайы англис тилинен сабак бергенин кабарлады.
38 жаштагы Исмоил Рахмоновдун төрт баласы бар.