Ссылки доступа

Ташкентте Орусияда тыюу салынган "Финист Ясный Сокол" пьесасы коюлду


Ташкенттеги "Илхом" театрында "Финист Ясный Сокол" спектакли окулду. Орусияда чыгарманын авторлору "терроризмди актаган" деген айып менен абакта отурушат.

"Финист Ясный Сокол" – "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлерине турмушка чыгып, алар менен бирге Сирияга кетүүнү чечкен орусиялык аялдардын жашоосун баяндайт. Орусияда спектаклди көрсөтүүгө тыюу салынган.

5-майда Москванын райондук соту драматург Светлана Петрийчукту, спектаклдин режиссеру Евгения Берковичти “терроризмди актоо” ишинин негизинде эки айга камакка алган.

Ташкенттеги "Ильхом" театрынын директору Максим Фадеев бул спектаклди Светлана Петрийчук жана Евгения Берковичке тилектештик катары койгонун айтат.

–“Алтын маска” сыйлыгын алган эки жаш таланттуу кыз – Света Петрийчук менен Женя Беркович спектакль үчүн терроризмди актады деп айыпталып, камалганын укканда таң калдым. Терроризм жана бул эки кыз – эки башка нерсе, бири-бирине туура келбейт. Башкача айтканда, бул башаламандык, мунун баары коркунучтуу жана адамгерчиликсиз, - деди Фадеев.

Пьесаны окуу – театралдык спектаклдин бир түрү. Сахнада декорация жок, актёрлор өз ролуна ылайыктуу кийинишпейт. Актерлор спектаклди окуу менен аны көрүүчүлөргө тартуулашат.

XS
SM
MD
LG