24-июнда полиция Твиттердеги расмий баракчасына кармалган адам 29 жаштагы Эндрю Кристофер Уотсон экенин жазды.
Учурда ал шектүү макамында. Полициянын маалыматында тажик айдоочусуна эмне себептен ок чыгарылганы айтылган эмес.
Жергиликтүү маалымат каражаттары соттун документтерине таянып, Эндрю Кристофер Уотсон 2013-2019-жылдар аралыгында кеминде 11 жолу жол эрежесин одоно бузганын жазышты.
Маркум Илхом Шодиев АКШда көп тонналык жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеп жүргөн. 15-июнда жүк ташып баратканда ок атылып, ал жаракат алган. Дароо Калифорниядагы Сан-Хоакинс округунун ооруканасына жеткирилгени менен эртеси алган жараатынан улам каза болгон.
Илхом Шодиев грин-карта алгандан кийин 2018-жылы Америкага көчүп барып, Шарлотт шаарында (Түндүк Каролина) отурукташып, айдоочу болуп иштей баштаган. Анын артында жубайы жана эки жаш баласы калды.
Калифорниянын жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, 15-июнда Шодиев өзүнүн жүк ташуучу унаасы менен Amazon компаниясынын товарын ташып баратканда башка унаанын жүргүнчүсү ага ок чыгарган. Натыйжада Шодиев октон жаракат алып, жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип, алгач жол жээгинде токтоп турган эки унааны, андан соң имаратты сүзгөн.