Ссылки доступа

Петр Каримовдун өгөй апасына каршы жазган доо арызы жабык каралат


Петр Каримов
Петр Каримов

Өзбекстанда маркум президент Ислам Каримовдун тун уулу Петр Каримовдун Татьяна Каримовага каршы жазган доо арызы боюнча сот отурумдары жабык өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин экс-президенттин жесири Татьяна Каримова отурумдарды жабык өткөрүү өтүнүчү менен Ташкенттеги жарандык иштер боюнча Яккасарай райондор аралык сотуна кайрылган.

Маалыматка караганда, тараптардын арызынын негизинде сот белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мурдараак жарыяланган сот отурумдарынын графигинде Петр Каримовдун арызы боюнча биринчи баскычтагы сот отуруму 26-июнда өтөрү жазылган.

Мыйзамга ылайык, эгер жарандык жана административдик укук мамилелери боюнча иштерде мамлекеттик сыр же мыйзам тарабынан корголгон башка купуя маалыматтар болсо, анда ал боюнча сот отурумдары жабык өтүшү мүмкүн.

Петр Каримов – Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов менен Наталья Кучминин уулу. Ал 1969-жылы туулган. Ошол эле жылы Ислам Каримов менен Наталья Кучми ажырашып кетишкен. Наталья Кучми 2008-жылы Ташкентте каза болгон.

54 жаштагы Петр Каримов 1990-жылдардан бери негизинен Москвада жашайт. Ал 1988-жылы Ташкент эл чарба институтун аяктагандан кийин бир нече убакыт банк тармагында жана "Өзбекстан аба жолдору" улуттук авиакомпаниясынын Москвадагы өкүлчүлүгүндө иштеген.

2018-жылы "Өзбекстан аба жолдору" улуттук авиакомпаниясында бир нече жыл иштеген Петр Каримов иш берүүчүгө каршы доо арыз менен кайрылган. Петр компания аны 2017-жылы атасы каза болгондон кийин иштен алууга айыптап, ага компенсация төлөнбөй калганын айткан. Ошол жылдын аягында доогер менен жоопкердин ортосундагы жарашуу келишимине байланыштуу иш жабылган.

XS
SM
MD
LG