Бухарадагы үйлөрдүн ортосунда жаңы үй курулуп жатканы, бул үчүн чоң дарактар кыйылганы быйыл февралда белгилүү болгон. Бухара облусунун экология бөлүмү бул маалыматты иликтеп, жыйынтыгын эми билдирди.
Тыт дарагын кыюуга жоопту кишиге “Бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу, тамыры менен жулуп салуу, зыян келтирүү, жок кылуу же кайра отургузуу” беренеси боюнча айып салынган. Иш андан ары кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.