Ссылки доступа

Кытай ЖМКлары: Тажикстанда 800 миңден ашык жесир аял бар


Кытайдын Sohu (搜狐网) маалыматтык сайты 25-майда жарыялаган макаласында Тажикстанда 800 миңден ашык жесир аял бар экенин жазган.

"Силер буга ишенесиңерби? 9 миллиондон ашык калкы бар Тажикстанда 800 миңден ашык жесир аял бар! Алардын күйөөлөрү кайда?", – деп жазган макаланын автору.

Макалада бул маалыматтын булагына шилтеме берилген эмес. Автор СССР тарагандан кийин Тажикстанда жарандык согуш башталып, "эркектердин көбү өлкөдөн чыгып кеткенин" белгилеген. "Андан соң экономикалык кыйынчылыктардан улам тажик үй-бүлөлөрүндөгү калган эркектердин басымдуу бөлүгү чет өлкөлөргө иштегени кетишкен. Алардын көбү кайтып келбестен, аялдары менен СМС-билдирүү жазып ажырашкан", – деп жазылган Sohu сайтынын макаласында.

Кийин бул аналитикалык макаланы Кытайдын башка ЖМКлары да жарыялап чыгарган. Тажик бийлиги азырынча буга эч кандай реакция жасай элек.

Тажикстандын Статистика агенттиги жарыялаган баяндамаларда өлкөдөгү жесир аялдардын саны боюнча маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитеттен аларда мындай маалыматтар жок экенин билдиришти. "Озоди" радиосу мамлекеттик түзүмдөрдөгү өз булактарына таянып, өлкөдө жесирлердин, турмушка чыга элек кыздардын жана ажырашып кеткен аялдардын саны боюнча өзүнчө статистика жок экенин жазды.

Тажикстандык эксперт Саодат Олимова Sohu сайтынын макаласындагы маалыматтарга ишенүүгө болбой турганын билдирүүдө. "Тажикстанда чет өлкөгө иш издеп кеткен эркектердин арасында жылдап үйүнө келбей жүргөндөрү аз эмес. Бирок алар туруктуу түрдө үй-бүлөсүнө акча салып турушат. Алардын аялдарын жесир деп айтууга болбойт. Окуусу же карьерасы үчүн кеч турмушка чыккан кыздарды да "жесир" деп эсептөөгө болбойт. Мындай мисалдар өтө көп жана жарыяланган маалыматтар күмөн жаратат", – деди Олимова.

"Озоди" радиосу Аялдар уюмдарынын иликтөөлөрүнө жана демографиялык статистикага таянып кабарлагандай, жарандык согуш жылдары өлкөдө 25 миңден ашык аял жесир калган. Мындай статистиканы 1995-жылы февралда тажик качкындары менен иштешкен уюм да жарыялаган.

XS
SM
MD
LG