"Тошшахартрансхизмат" компаниясынын маалыматына караганда, жаштар өкмөттүн 1-июндагы жыйынында кабыл алынган протоколдун негизинде бекер ташылат. Ошол эле маалда билдирүүдө жүргүнчүлөрдүн жаш курагы кантип аныкталары так көрсөтүлгөн эмес.
Өзбекстанда Жаштар күнү 2018-жылдан бери белгиленип келет. 2017-жылы 30-июнда жаштардын "Камолот" коомдук уюму Жаштар бирлиги болуп кайра түзүлгөн. Анда кыймылдын курултайында сүйлөгөн президент Шавкат Мирзиёев жыл сайын 30-июнда Жаштар күнүн белгилөөнү сунуштаган.
2020-жылы июнда президент мамлекеттин жаштар саясатын ишке ашыра турган орган катары Жаштар иштери боюнча агенттик түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
2022-жылдын аягында Министрлер кабинетинин курамында Жаштар саясаты жана спорт министрлиги түзүлгөн. Ага чейин иштеп келген Жаштар иштери боюнча агенттик жаңы министрликтин бир бөлүгү болуп калган.