Акыйкатчы кеңсеси билдиргендей, алардын 9у аскер комиссариатынын кызматкерлери, калгандары милиция кызматкери жана айыл өкмөттүн төрага орун басары.
Маалыматка караганда, өткөн жылы Восе райондук аскер комиссариатынын кызматкери жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн өкүлү жана айыл аймагынын төрагасынын орун басары менен биргеликте аскерге чакырылган уланды сабап салган. Кийин жабыралануучу мурда эле аскердик кызматын өтөп бүткөнү аныкталган. Дарыгерлер ур-токмокко алуу учурунда жигиттин кулагы катуу жабыркаганын аныкташкан.
“Текшерүүдөн кийин кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ал сотко өткөрүлүп берилди”, - деп билдирди Тажикстандын Акыйкатчысы. Кылмыш ишине тиешеси бар адамдар кандай жаза алганы айтыла элек.