Агенттиктин маалыматы боюнча Marion Biotech ширесинде колдонулган пропиленгликолду Maya Chemtech India компаниясынан сатып алган. Фармацевтикалык материалдарды сатууга лицензиясы жок бул компаниянын өкүлдөрү алар саткан пропиленгликолду өндүрүштүк максатта гана колдонууга болорун моюнга алышкан.
"Биз Marion Biotech бул затты жөтөл сиробун даярдоодо колдонгусу келгенин билген эмеспиз", - деди Maya Chemtech India компаниясынын атын атагысы келбеген өкүлү.
Агенттиктин эки булагы сироптун курамында суюк кир жуучу каражаттарды, антифризди, боёкторду жана башка уулуу заттарды өндүрүүдө колдонулган пропиленгликол бар экенин билдирди.
Ишти караган тергөөчү кошумчалагандай, Marion Biotech ингредиентти сиропко кошуудан мурун аны текшерген да эмес.
Былтыр жыл соңунда Өзбекстанда "Док-1 Макс" сиропун ичкенден кийин 20 бала чарчап калганы ачыкка чыккан. Бул окуядан Кыргызстандын дарыканаларында да бул дарыны сатууга убактылуу тыюу салынган.