"Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, прокурор соттон журналист Айгерим Тлеужанды беш жылга, ошондой эле активисттер Калас Нурпеисовду, Нурлан Далибевди, Ермухамет Шилибаевди жана Жан-Айдар Карменовду 11 жылга эрктеринен ажыратууну өтүндү.
Сот залына чогулгандар прокурордун бул позициясына нааразылык билдиришти. Алар "Калк – террорист эмес" деп жазылган узун плакат кармап турушту.
"Алматы аэропортун басып алуу" иши боюнча сот отурумдары 2022-жылы мартта башталган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Тлеужанова менен Нурпеисов Январь окуясы учурунда аэропорттун аймагындагы "жапырт башаламандыктардын уюштуруучулары" болгон. Алар топтолгон адамдарды көкүтүп, учактардын кыймылын бөгөттөөгө аракет кылышкан.
Бул иштин алкагында Нурлан Далибаевге, Ермухамет Шилибаевге жана Жан-Айдар Карменовго аэропортту басып алуу айыбы тагылган.
Соттолуучулар бул айыптарды четке кагууда.