3-июлда Сарыагаш райондук соту Батырбековду "Жалаа жабуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Журналист соттун чечимине макул эмес.
Түркстан облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Батырбековго каршы Мажилистин депутаты Болатбек Нажметдинулы арыз жазган. Буга Батырбековдун Фейсбуктагы "Бул коррупциябы же эмне?" деген посту себеп болгон. Депутат журналисттин "Болатбек Нажметдинулы алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча шектүү деп табылган" деген сөздөрү жалаа экенин жана ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтиргенин белгилеген.
Батырбеков "Азаттыкка" Нажметдинулы 2020-жылы "алдамчылык" боюнча шектелгенин, бул Чымкент шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн мөөрү жана колу коюлган документтин түп нускасы менен тастыкталганын билдирди.
- Бул документтин экинчи нускасы Чымкент шаарынын укуктук статистика жана атайын эсеп башкармалыгы тарабынан жок кылынган. Бул жалаа эмес. Биз далилдей алабыз. Сотто документтин түп нускасын көрсөттүк. Сот мени документке эмес, департаменттин маалымкатына таянып күнөөлүү деп тапты. Соттун чечимине макул эмесмин, аппеляциялык арыз менен кайрылам», — деди Батырбеков.
Амангелди Батырбеков Казакстандын түштүгүндөгү белгилүү журналист. Ал бир нече жолу кысымга кабылып, муну өзү, жактоочулары кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.