Ссылки доступа

Чеченстанда "Новая газетанын" журналисти менен адвокатка кол салуу болду


Чеченстанда куралчан адамдар "Новая газетанын" журналисти Елена Милашина менен адвокат Александр Немовго кол салышкан. Бул тууралуу "Кыйноолорго каршы топ" билдирди.

Милашина менен Немовдун таксисин беткапчан белгисиз адамдар аэропорттон Грозныйга бараткан жолдо тосуп алышкан. Аларды сабап, бетке тепкилеп, жабдыктары, документтери жок кылынган. Немовдун айтымында, кол салгандар алардын башына тапанча такап коркутушкан.

Азыр экөө тең Грозныйдагы ооруканада. Денелери көгала болгон. Экөө тең коляскада отурушат. Милашинага баш-мээси жаракат алган деген диагноз коюлган. Ал мезгил-мезгили менен эсин жоготууда. Ошондой эле журналисттин манжалары сынган.

Немовдун кыймылы начар, араң сүйлөөдө. Анын бутуна бычак сайылган — "Кыйноолорго каршы топ" анын макулдугу менен сүрөтүн жарыялады.

Жабырлануучулар Чеченстанда көрсөтмө берүүдөн баш тартышты, анткени алар мындан пайда чыкпайт деп эсептешет. "Кыйноолорго каршы топтун" пикиринде, кол салуу болгон жерде видеокамералар болушу мүмкүн. "Новая газетанын" өтүнүчү менен окуяга Орусиянын адам укуктары боюнча акыйкатчысы Татьяна Москалькова кийлигишти.

Милашина менен Немов 2022-жылдын январында чечен полициясы тарабынан барымтага алынган Зарема Мусаеванын иши боюнча соттук отурумга катышуу үчүн Нижний Новгороддон Чеченстанга учуп келишкен. Соттун өкүмү бүгүн чыгарылат. Немов — Мусаеванын жактоочусу. Ал сотко барат.

XS
SM
MD
LG