Ссылки доступа

Украин элчилиги кремлчил ырчылардын концерти тууралуу өзбек аткаминеринин билдирүүсүнө жооп берди


Украинанын Ташкенттеги элчилиги орусиялык ырчы Григорий Лепстин концерти тууралуу Өзбекстандын маданият министри Баходир Ахмедовдун билдирүүсү боюнча комментарий берди.

"Согушту колдогон орусиялык ырчылардын Ташкентте концерт берүүсү – Өзбекстандын имиджине терс таасирин тийгизет. Мындан тышкары орусиялык аткаруучулардын акчасы согушту, терроризмди жана украин элинин геноцидин каржылоо үчүн колдонулушу мүмкүн", – деп жазылган дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Элчиликтен "бул боюнча тиешелүү кайрылуу Өзбекстандын компетенттүү органдарына" жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.

Күн мурун Өзбекстандын Маданият жана туризм министринин орун басары Бахадир Ахмедов Kun.uz сайтына берген маегинде аскердик үгүт менен алектенген орусиялык ырчылардын Өзбекстанда концерт берүүгө аракет кылып жатканы жөнүндө айтып, "баары чектелүү, бирок искусство чексиз чөйрө" деп айткан.

3-июлда Украинадагы согушту колдогон орусиялык ырчы Григорий Лепс согуш талаасында Leopard танкын аткан орус жоокерине 1 миллион рубль бергенин билдирген.

Өзбекстандык активисттер Лепстин октябрга белгиленген Ташкенттеги концертине тыюу салууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG